Биз менен байланышыңыз

Европалык журналисттер Кытай лагерлери боюнча Казакстанда пресс жыйын өткөрүшүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 800 | 0

Бүгүн 23-ноябрда Кытайдагы саясий лагерлерде камалып жаткан кыргыз-казактардын туугандары Казакстандын Алматы шаарында европалык журналисттердин катышуусунда пресс-конференция өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандан барган топтун мүчөсү «Маралга» билдирди.

Соңку кездери Кытайдагы казак жана кыргыз айылдарынан аталган лагерлерге массалык камоолор көбөйүп кеткенине байланыштуу алардын Казакстандагы жана Кыргызстандагы жакындары бийликке кайрылууларды жасап, арыз-муңдарын айтып башташкан. Буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайга нота жиберген. Бирок Кыргызстан тарап бул боюнча үн ката элек. Буга чейин «Кытайдын ички ишине кийлигишпейбиз» деген жообун берип келишкен.

Эми арыздангандар Казакстанга атайын ушул маселени чагылдыруу үчүн Германия, Британия сыяктуу өлкөлөрдөн келген эл аралык басылмалардын өкүлдөрүнө кайрылуу максатында Алматыга кетишти.

Пресс конференция 23-ноябрда жергиликтүү саат боюнча 10:00дө башталары маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM