Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда өспүрүмдөргө психотроптук заттарды саткан дарыкана аныкталды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 117 | 0

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканаларда жана жеке турак жайларда психотроптук препараттарын мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, дарыканалардын кызматкерлери жана айрым жарандар материалдык пайда алуу максатында психотроптук заттарды тиешелүү медициналык рецептсиз жана мыйзамсыз сатып алып, аларды саткандыгы такталды. Ошол эле учурда аталган фармацевтикалык каражаттардын негизги сатып алуучулары болуп, психотроптук каражаттарды өз максаты боюнча эмес, мас абалына жетүү үчүн жаш өспүрүмдөр колдонгон.

2024-жылдын 22-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыканаларды жана жеке турак жайларды тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн психотроптук препараттар табылып алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облустун тургундарын психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча маалыматы болсо (WhatsApp – 0995 012210) телефон номуруна байланышууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM