Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кечки саат 22:15 чамасында Кара-Гуз айыл аймагында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрдү.
«Deo Матиз» үлгүсүндөгү унааны сел агызып кеткен. Ичинде 5 жаран болуп, бир жаранды жергиликтүү жарандар куткарып, калгандарын сел алып кеткен. Учурда куткаруучулар тарабынан 3 жарандын денеси табылып, бири изделүүдө.
Жеринде 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин улантууда.