Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келет

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 92 | 0

3-июлда Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис келет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Эки күндүк сапардын максаты — Кыргыз Республикасы менен кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Иш сапардын алкагында Швейцариянын тышкы иштер министри Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.

Ошондой эле, Швейцариянын Улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргызстанда жашаган эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, бизнес секторунун, жарандык коомдун өкүлдөрү жана швейцариялык жарандар менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Швейцария Кыргызстанда 1994-жылдан бери жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык колдоо көрсөткөн долбоорлордун жүрүшү менен таанышат.

Кыргызстандын маданияты, жаратылышы, анын ичинде Ысык-Көлдү, тоолорду жана мөңгүлөрдү көрүүнү пландап жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM