Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кыргызстандан 4 миңге жакын чет элдик чыкты, айрымдары кайтып келүүдө

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 306 | 0

17-18-май күндөрү Бишкектеги тополоңдон кийин Кыргызстандан 4 миңдей чет элдик студент чыгып кетти. Бул тууралуу парламенттеги «Ишеним» фракциясынын 24-майдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал айрымдары кайтып келе жатышканын кошумчалады.

«Чыгып кетишкенинин себеби окуу жылы аяктап, каникулга чыгышты. Окууну бүткөндөр да дипломун онлайн режимде алышат экен. Пакистан өздөрүнүн жарандарын алып чыгууга бекер учактарды уюштуруп жатат. Ошонун эсебинен кетип жатышат. Бирок ошол эле өлкөлөрдөн кайра келгендер болуп жатат. Биз коопсуздугуңарды камсыздап беребиз деп жатабыз» , — деди ал.

Акыркы эки, үч күндүн ичинде Пакистандын 338, Индиянын 13, Бангладештин 71 жараны Кыргызстанга кайтып келгени белгилүү болду.

Бишкекте 18-майга караган түнү жатаканалардын биринде 13-майда болгон массалык мушташтан улам чет элдик жарандар жана жергиликтүү тургундар арасында тополоң чыккан.

Бул окуядан кийин 40тан ашык адам ооруканага кайрылган.

ИИМдин маалыматына караганда, бул окуялар боюнча 10дон ашык кылмыш иши козголду. Бир катар шектүүлөр кармалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM