Биз менен байланышыңыз

УКМК Кара-Суу районунун акиминин кармалышы тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 354 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Ош облусунун Кара-Суу районунун акими ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шек саналып кармалганын кабарлады.

Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими А.Т.А.нын катыштыгы бар экендиги тууралуу Атайын кызматка маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, аким коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды.

Ал УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, андан кийин кармалган.

Ош шаардык соту тарабынан башка жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев 2023-жылдын декабрында бул кызмтка дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM