Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Парижде спортту өнүктүрүүгө арналган саммитке катышты

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 165 | 0

Президент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммитке катышты.

Иш-чарага 500гө жакын мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спортчулар жана спорттук кыймылдын, ошондой эле финансылык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара «Париж-2024» уюштуруу комитетинин климаттык стратегиясына ылайык, ошондой эле келечек муундар алдындагы кеңири милдеттенменин алкагында өлкөлөргө жана спортко кызыкдар тараптарга БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ырастоого мүмкүндүк берет.

Саммит спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде, күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган.

“Ири чемпионаттарды жана Олимпиада оюндарын өткөрүү барган сайын саламаттыкты сактоо, тамактануу, билим берүү, инклюзия жана теңдик сыяктуу социалдык аспектилерди эске алып келет. Алар ошондой эле тилектештик, туруктуу инвестиция жана экологиялык маалымдуулук маселелеринде, айрыкча спорттук инфраструктурада жана ири спорттук иш-чаралардын көмүртек изин азайтууга умтулууда негизги ролду ойнойт” , — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров Париж шаарына 25-июлда барды. Ал бүгүн Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине да катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM