Биз менен байланышыңыз

Суу ташкынына байланыштуу Кыргызстан Казакстанга гумжардам жөнөттү

Кыска кабар | 6 Апр 2024 | 243 | 0

Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министр Бообек Ажикеев түнкү саат 4:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 300 тонна гумжардам кербенин Бишкек шаарынан узатты.

Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет.

Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында  4миңден ашуун  жаран, 200дөй  бала жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM