Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Евробиримдик кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 216 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгияга иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документке Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель, Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

Президенттин 24-25-июнда Бельгияга болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчы Бельгиянын королу Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ошондой эле Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Copyright © 2017 Maral FM