Биз менен байланышыңыз

Парламент Улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 137 | 0

Жогорку Кеңеш 26-июндагы жыйынында Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотту.

24-июнда Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагалыгынан кетери кабарланган.

Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат.

Парламент 2021-жылы сентябрда Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалышын колдогон.

Төрагалык кызматтан кеткен Толкунбек Абдыгуловдун ордуна Бөкөнтаевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Ага чейин Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM