Бишкек — Ош унаа жолунун 104-105-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Транспорт министрлиги Төө-Ашуу тараптагы кырдаалды көрсөтүп, жерине атайын техникалар тартылганын маалымдады.