Биз менен байланышыңыз

Ноокаттагы сел: 5 адамдын сөөгү табылып, 2 адам изделүүдө

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 2498 | 0

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында саат 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн .

Натыйжада ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.
Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде дем алуучу топчандагы 7 адамды сел суулары агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Жеринде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат.

Мындан сырткары абалды жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөөдө. Буга кошумча 100 куткаруучу жөнөп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM