Биз менен байланышыңыз

Июлдан тарта миң сом алган пенсионерлер 3500 сомдон ала башташат

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 374 | 0
Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда пенсияны жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, 2024-жылы пенсияны жогорулатууга эки этап менен кошумча 20 млрд сом бөлүнөт.

Пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлда башталып, эң аз пенсия  3500 сом болот.

Экинчи этап октябрь айында башталып, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га көтөрүлүп, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт.

Буга 2024-жылдын 3 айы үчүн 3 млрд 927 млн сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат.

Бактияр Алиев республикалык бюджеттен бөлүнө турган 787 млн сом бюджеттен оптималдаштырылган каражаттын эсебинен төлөнө турганын белгиледи. Жыйынтыгында 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң аз пенсия 6900 сомду түзүп, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды.

2021-жылга чейин пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 миң адамды түзөт. Бул 2023-жылга карата 40%га чейин кыскарганын көрсөтөт. Быйыл октябрдан тарта жашоо минимумунан аз пенсия алгандардын саны толук жокко чыгат.

Президент Садыр Жапаров пенсиялык системаны реформалоого, пенсиянын майнаптуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдарга кол коюлганын, эми бул реформага багытталган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү зарылдыгын айтты.

«Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган Жарлыгыбызда да  ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат. Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык» , — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM