Биз менен байланышыңыз

Бала бакчалардын директорлоруна ата-энелерден акча чогултпоо эскертилди

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 380 | 0

Бишкектеги бала бакчалардын директорлоруна акча чогултпоо эскертилди. Бул тууралуу 27-июнда шаардык бала бакчалардын директорлору үчүн өткөн жыйында айтылды.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, УКМКнын өкүлү, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү бөлүмүнүн тергөөчүсү  жана бала бакчалардын директорлору катышты.

Бала бакчалардын директорлоруна президенттин «Акча каражаттарына тыюу салуу жөнүндө» жарлыгын милдеттү түрдө аткаруу, бала бакчага кабыл алууда мыйзамсыз аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эске алуу тапшырмасы коюлду.

Мындан тышкары бала бакчаларды оңдоого керектүү каражатты жана башка керектүү материалдарды алууга убагынан кечиктирбей суроо-талап жиберүү талабы коюлду.

Ошондой эле жакында бала бакчалардын жетекчилери үчүн сынак өтөрү тууралуу маалымат берилди. Бир орунда беш жылдан ашык убакыт жетекчи болуп иштеген кызматкерлер өкмөттүн тиешелүү токтому күчүнө киргенде кызматынан бошотулган болуп саналат. Бошогон орундарга сынак жүргүзүлөт. Жыйында директорлук кызматка өтө турган сынакка кантип даярдануу боюнча сунуштар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM