Биз менен байланышыңыз

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 259 | 0

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 28-июнда билдирди.

БУУнун баш катчысы Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзт.

Ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

БУУнун башкы катчысы Кыргызстанга 2017-жылы Борбор Азияга сапарынын алкагында келген.

Copyright © 2017 Maral FM