Connect with us

Тышкы иштер министрлиги мурдагы элчи Тотуяев боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 389 | 0

Тышкы иштер министрлиги мурдагы элчи Улан Тотуяевдин кызматынан бошотулгандыгы тууралуу комментарий берди.

Уланбек Тотуяев “Азаттыкка” маек куруп, Пакистандагы элчи кызматынан алынышына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматы себеп болушу мүмкүндүгүн айткан.

ТИМдин маалыматына караганда, экс-элчи Уланбек Тотуяев жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген.

Ошол эле учурда, ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, «падышалык» шарттарда жашап келген.

Мындан тышкары, элчиликке төрт унаа бөлүнгөн болсо, алардын экөөсүн өзү жана жубайы үчүн пайдаланып келген, ал эми калган кызматкерлер кезектешип, калган кызматтык унааларды  пайдаланышкан.

Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу Тотуяевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизген.

Министрлик Тотуяев купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгонун жана анын акыркы аракетине тиешелүү органдар чара көрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Уланбек Тотуяев  27-июнда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызмат ордунан «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM