Биз менен байланышыңыз

«Апрелчилер» Бакиевден жардам сурабаганын билдирди

Коом | 25 Июн 2024 | 310 | 0

Президент Садыр Жапаров «7-апрель ынтымагы» коомуна бир гектардан ашык жер бөлүнүп берилгенин билдирген. Ал «апрелчилер» бир канча жолу жардам сурап кайрылганын айткан.

Президент «апрелчилер» мурдагы президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшкөнүн, 200 кишиге ылайыкталган фабрика куруп берерин, аларга жер бөлүп берүүсүн суранганын айткан.

Бүгүн, 25-июнда Апрель окуяларында каза болгондордун туугандары жана катышуучулардан турган Ассоциациянын өкүлдөрү Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевден жардам сурашпаганын айтып чыгышты.

Президент Садыр Жапаров 22-июнда «Кабар» агенттигине берген маегинде «апрелчилер» кайрылып, мурдагы президент Курманбек Бакиевден кун өндүрүп берүүсүн сурап кайрылганын билдирген. Өлкө башчы апрелчилер менен эки жолу жолукканын айткан.

Акыркы жолугууда «Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз» деп суранышты деп айткан президент.

Ал 200 кишиге ылайык ишкана курууга жер бөлдүрүп бергенин айткан.

«Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында апрелчилер дагы келишти. «Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз», деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты. Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим».

Президент кайсы аймактан жер бөлүнгөнүн маегинде айткан эмес. Ал эгер апрелчилер фабрика курбаса, жер кайра алынаарын кошумчалаган.

Бүгүн, 25-июнда Апрель окуяларында каза болгондордун туугандары жана катышуучулардан турган Ассоциациянын өкүлдөрүнүн тобу Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевден жардам сурабаганын жана кабыл албаганын билдирди. Бул тууралуу алар басма сөз жыйынында билдиришти.

«Апрель байрагы» коомдук уюмунун өкүлү Конушбек Дөлөталиев президент менен жолугушканын, анда бир канча маселе талкууланганын айтты. Алар Бакиевдин кун төлөп берүүсүн жана фабрика куруусуна каршы экендигин айтты.

«Биз баарыбыз мурдагы президент Бакиевдин келүүсүнө жана бизге фабрика куруп берүүсүнө каршыбыз. Азыр социалдык тармакта «кечирдиңерби, самсасын жеп алдыңарбы» деп аябай кызуу талкуу болуп жатат. Бизден бирөө да Бакиевке барган эмеспиз, бирөөбүздан андан эч нерсе сураган эмеспиз».

«Айкөл Ала Тоо» коомдук биркмесинин өкүлү Жылдызбек Исаков Бакиевди актоодон жана кечирүү тууралуу эч кандай ойлору жоктугун айтты.

«Кун сураган адамдарды кимдер экенин ЖМКлардан көрүп жатасыңар. Өмүрдүн баасы жок, баасы болсо айткылачы канча экен? Ошондуктан биз Бакиевди кечирүүгө эч кандай оюбуз жок жана кечирүүгө жол бербейбиз. Беларуста эле жүрө берсин, тынч жаткан элди козутпасын».

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өкмөттүн оң демилгелерин колдой тургандыктарын билдирип, оппозициялык ишмердүүлүк боюнча айыптоолорду четке какты.

«Биз бийликтин жакшы жасаган иштерине жакшы баа берип, каталарын айтып турабыз. Бизде эч кандай оппозициялык маанай жок. Ар бир президенттин учурунда туура эмес маалымат берип тургандар болгон. Президентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасына кайрылып жатабыз, сиздерге балким туура эмес маалымат берилип, сиздердин башыңыздарды айлантып жатышы мүмкүн. Биз айтып жатабыз, мына туура маалымат, силерге маалымат айтып жаткан бир убакытта силерди Бакиевдин адамдарысыңар, Минкстен келген ар бир тапшырманы аткарасыңар деп айтып жаткан. Эми түрмөдөн кантип чыгууну билбей, калп эле силергдин колдоочуңар болуп жатат». 

2010-жылдагы «Апрель» окуясына быйыл 14-жыл болду. Апрел окуясында 80ден ашуун жаран каза болуп, жүздөгөн жарандар жарадар болгон.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийликти үй-бүлөлүк, кландык башкаруусуна коомчулук нааразы болуп чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска чыгып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин Беларуста баш калкалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM