Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жарандарды коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырды

Кыска кабар | 20 Окт 2024 | 67 | 0

Бишкек шаардык мэриясы жарандарды коомдук транспортто жүргөндө накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырды.

Анда 20 сомдон төлөнгөн накталай төлөм автобазанын эсебине толук түшпөй жаткандыгы айтылат.

«Автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өткүлө. 20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат.
Эгер бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдакыдай автобустардын мүрзөсүнө айланат.

Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла. Бул автобустар бери дегенде 15-20 жыл элге кызмат кылыш керек.
Ал эми «шаарга тез-тез келип тургандар кандай кылабыз? 40 сомдон төлөйбүзбү» дегендерге жооп:
Силер да карточка алып, мисалы карточкаңарга 100 сомдон баштап, 1000 сомго чейин салып койгула да келген сайын 17 сомдон төлөй бергиле. Ар бир колдонгон учурда гана 17 сомдон кемип турат. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр бир жыл болсо да акчаңар сакталып тура берет».

 

Президент буга чейин бишкектиктерди «Тулпар» картасын алууга чакырган. Ал «Тулпар» же банк карта менен жолкире төлөгөндөргө баа көтөрүлбөй турганын айткан.

«Карта менен төлөгөндө 17 сом бойдон калат. Ал эми накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этээр жерин айтканда айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө.
Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу», — деп кайрылуу жасады президент Садыр Жапаров.

Президент накталай төлөмдөр айдоочулардын убактысын аларын да кошумчалаган.
Учурда Бишкек мэрия бул маселени чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду. Анда накталай төлөм 40 сом деп сунушталган.

Чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу чексиз жол жүрүү билеттерин алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM