Биз менен байланышыңыз

Талас-Чаткал-Ташкент унаа жолун куруу боюнча жол картасы иштелүүдө

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 274 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту.

Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин, ошондой эле Чаткал дарыясына ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн өкмөттөн кабарлашты.

Өкмөт башчылар Талас-Чаткал-Ташкент унаа жолун куруу долбоорун да сүйлөштү. Маалыматка караганда, учурда Жол картасы иштелүүдө, долбоор ишке ашырылса өз ара соода жүгүртүү жогорулап, эки өлкөнүн туристтик потенциалы жакшыраарын белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр жеткирүү багытын көздөгөн ленталык конвейерди жана көмүр логистикалык борборун куруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү тууралуу сөз болгон.

Кыргызстандын Чаткал району менен Өзбекстандын борбору — Ташкент шаарын бириктире турган жолдун курулушу тууралуу 2023-жылы сөз болгон. Анда Чаткал -Ташкент жолунун узундугу 150 чакырымды түзөрү айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM