Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы июлдан тарта жанданат

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 192 | 0

Жалал-Абад шаарынан Ысык-Көл районундагы Тамчы айылына түз аба каттамдары 1-июлдан тарта жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Түз аба каттамдарын «Тез Жет» авиакомпаниясы аткарат. Учак жумасына төрт жолу учат.  Жүргүнчүлөрдү 96 орундуу британиялык «АвроЖет–85» учагы тейлейт.

«Тез Жет» авиакомпаниясы 21-июнда Ош-Ысык-Көл аба каттамын аткарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM