Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Коррупцияга шектелген Дубанаевдин ордуна Нургүл Салиева дайындалды

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 302 | 0

Нургүл Салиева Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-июнунда кол койду.

Министрлер кабинетинин башка буйругуна ылайык, Адилет Дубанаев  төраганын орун басары кызматынан бошотулду.

Нургүл Салиева буга чейин Салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин директору болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев коррупцияга шек саналып кармалганын 21-июнда кабарлаган.

Ал соттун чечими менен 14-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда сатып алынган жабдуулардын баасы жана кызмат көрсөтүү акысы жүздөгөн эсе кымбат көрсөтүлгөнү аныкталган.

Салык кызматынын кызматкерлери жана башка кызыкдар адамдар 4 миллион 878 миң 894 долларлык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда каражат кымырып алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM