Биз менен байланышыңыз

Кытай: Ысык-Көлдө күн станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорго кол коюлду

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 145 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайда TBEA Company Limited компаниясынын президенти Чжан Синь менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө компания тарабынан буга чейин ишке ашырылган Бишкек шаардык ЖЭБин модернизациялоо, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысын жана подстанция куруу, республиканын түштүк аймагынын электр өткөрүү чубалгысын жакшыртуу долбоорлору жана келечектеги пландар тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Акылбек Жапаров ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун республика үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, компанияны Кыргызстанга кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү үчүн катышууга чакырды. Кызматташуунун эң тез багыттарынын бири электр унааларын кубаттоочу ыкмаларын ишке киргизүү жана орнотууга болот.

ТВЕА компаниясынын президенти Кыргызстан менен жаңы идеяларды жана энергетикалык долбоорллорду ишке ашырууга дайым даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары Жапаров Кытайдын улуттук ядролук корпорациясынын (CNNC) төрагасынын орун басары Лу Течжун менен жолукту.

Анда тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери, өзгөчө күн электр станцияларын куруу боюнча сөз болду, ошондой эле экономиканын башка тармактарындагы долбоорлорду да ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Фортис KG» компаниясы, «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы жана «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси ортосунда Кара-Талаа участкасына жалпы кубаттуулугу 400 МВт күн электр станциясын куруу жөнүндөгү инвестициялык долбоорго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM