Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда малды эмдөө жүрүп жатат

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 126 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы тарабынан шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакцина жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар таратылып берилди.

Вакциналар мамлекет тарабынан бекер берилет, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт. Эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде жазгы эмдөө, диагностикалык иш-чаралар жүрүп жатат.

Мындан сырткары зооноздук ылаңдарга каршы калк арасында агартуучулук иштерди жүргүзүү максатында, медициналык кызматкерлер менен биргеликте мектептерде, бала бакчаларда семинарлар, окутуулар жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын 12 айында 24 млн 762,9 миң баш мал эмдөөдөн өткөн. Анын жыйынтыгында, 86 жугуштуу ыландын очогу катталган, кутурма ылаңы – 36, сибирь жарасы – 2, пастереллезу – 2, бруцеллезу – 2, жылкылардын пастереллезу – 1, кээңги ылаңы – 14, кой-эчкилердин сальмонеллезу – 1, брадзоту – 7, листериозу – 4, пастереллезу – 10, бруцеллезу – 4, хламидиоз – 1, энтеротоксемия — 2.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM