Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Карызын төлөбөгөндөрдүн электр жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 105 | 0

Бишкекте 28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөн абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат.

Жарандар «Мой свет» тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат.

Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүнүн дебитордук карызын сурап билсе болот.

Абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Бишкек ЭТИ төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

Төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, «БТА Банк» терминалдары, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «Кыргызстан коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM