Биз менен байланышыңыз

Алдамчылык боюнча кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 158 | 0

Алдамчылык боюнча кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Райондук соттун 20-марттагы чечими менен Бекзат Өмүрбековго карата мурда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы  үй камагына алмаштырылган.

Милициянын маалыматына караганда, Ө.Б. жана Ш.Т. аттуу жарандар аймактардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштуруп берүүнү убада кылып жабырлануучудан 50 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Андан соң жүргөн жерин жашырып кеткен. Шектүүлөр президент менен байланышы бар экенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Бекзат Өмүрбеков кармалган.

Бекзат Өмүрбеков социалдык тармактарда азыркы бийликти активдүү колдоп жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM