Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 2-мартта кар жаайт

Кыска кабар | 1 Мар 2024 | 561 | 0

2-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+4,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM