Connect with us

УКМКнын Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы айтылууда

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 402 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганын жеке булактарына таянып, бир нече басылма жазды.

Алардын маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 3-бөлүмү (уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, жүрүү эркиндигин чектөө) менен айыпталып жатат.

Бул боюнча тиешелүү мекемелер расмий билдирүү тарата элек.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райымбек Матраимовго 2021-жылы «коррупция» беренеси менен иш козгогон. Бул иш боюнча сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген.

Райымбек Матраимов да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төгүп берген.

2023-жылдын 2-ноябрында төрага Камчыбек Ташиев УКМКнын Кемин райондук бөлүмү үчүн салынган имараттын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мындан ары мамлекетте «Матраимов мафиясы» болбосун эскерткен.

Ташиев: Мындан ары мамлекетте «Матраимов мафиясы» болбойт

Copyright © 2017 Maral FM