Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Мындан ары мамлекетте «Матраимов мафиясы» болбойт

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 597 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн салынган имараттын ачылышында уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтты.

Ташиев бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кланы, анын байлыгы, кылмыштуу мүлкү мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө же саясий процесстерге таасир этпеши керектигин эскертти.

«Ачык эле айтыш керек, ушуга чейин көптөгөн шайлоолордо, мамлекеттик иштерде ошолордун акчасына берилип кеткендер болгон, анын арасында УКМКнын кызматкерлери да бар. Ошол каражаттардын негизинде аларга кызмат көрсөтүп жүргөндөр бар. Биздин мамлекетте мындан ары Көлбаевдин, Райым Матраимовдун мафиясы болбойт. Мамлекетибиз таза, мыйзамдуу, стабилдүү, тынч заманда жашашы керек. Өлкөдө кимдер жакшы жашашы керек? Өз эмгеги менен кызмат кылган ишкерлер, карапайым адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жакшы жашашы керек, биз ошолорго шарт түзүшүбүз керек» , — деди Камчыбек Ташиев.

4-октябрда крим чөйрөсүндөгү таасирдүү киши Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлүп, Көлбаев жок кылынган.

Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

18-октябрда УКМК мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери кримтөбөл Камчы Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушканы аныкталганын жана алыр иштен алынганын билдирген. 

Copyright © 2017 Maral FM