Биз менен байланышыңыз

Индиянын Тамилнад штатында дүйнөлүк инвесторлордун жолугушуусу өтөт

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 395 | 0

2024-жылдын 7-9-январында Индиянын Тамилнад штатында дүйнөлүк инвесторлордун жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлады.

“TNGIM-2024” иш-чарасы ар түрдүү тармактардагы алдыңкы өндүрүүчүлөр-экспортчуларды чогултат. Өнөр жайды өнүктүрүү жана инновация үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Индия тарап тамак-аш жана айыл чарба өнөр жайы, булгаары жана булгаары эмес бут кийим, текстиль, кийим-кече, тиричилик буюмдары, анын ичинде техникалык текстиль жана жасалма була, автоунаа, автокомпоненттер, электромобилдер үчүн тетиктер (моторлор), электроника, анын ичинде медициналык технологиялар жана жабдуулар тармагында иш алып барган ишкерлер менен байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Аталган иш-чарага бир компаниядан бир гана киши катыша алат. Индия тарап катышуучулардын эки тараптуу учак билетин (эконом-класс 650 АКШ долларына чейин), 2 түн мейманканада жайгаштыруу жана аэропорт-отель-аэропорт трансферин камсыз кылат.

Катышуу үчүн арызды https://web.surveyhero.com/s/TNGIM шилтемеси аркылуу толтуруу керек.

Арыздар атайын комиссия тарабынан каралып, анын жыйынтыгы 2023-жылдын декабрынын биринчи жумасында тандалган делегаттарга билдирилет.

Иш-чара тууралуу кошумча маалыматты https://tngim2024.com/ шилтемеси аркылуу алууга болот.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн арыздарды толтургандан кийин 0 772 710 – 333 номуру аркылуу жумушчу тартипте Улуттук агентикке билдирип коюу зарыл.

TNGIM-2024 эл аралык сатып алуучуларды жана инвесторлорду тарта турган флагмандык окуя. 2022-2023- жылдары Тамилнаддын экспорту болжол менен 40 миллиард АКШ долларын түзөт деп күтүлүүдө, бул адатта Индиянын жалпы экспортунун 9,02% түзөт.

FIEO (Federation of Indian Export Organisations) 1965-жылы Соода министрлиги тарабынан түзүлгөн Индиянын сооданы колдоо боюнча жогорку органы болуп саналат. Индиянын эл аралык соодасын илгерилетүү максатында, FIEO Индияда жана дүйнө жүзү боюнча ар кандай мега соода акцияларын жана иш-чараларды уюштурат.

Copyright © 2017 Maral FM