Биз менен байланышыңыз

УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү «Тайсон» кармалды

Кыска кабар | 6 Окт 2023 | 528 | 0

Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган иликтөөнүн жүрүшүндө, кримтөбөл Камчы Көлбаев (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, «Тайсон» каймана аты бар С.М.Ж. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 6-октябрда кабарлады. Маалыматка караганда, «Тайсон» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын көзөмөлчүсү (смотрящий) болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында автомектептин мугалими А.Б.А.ны ага карата болгон компроматтык маалыматтарды ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Анын 30 миңин алып жатканда С.М.Ж. кармалып, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тинтүү учурунда «Тайсондун» жанынан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM