Биз менен байланышыңыз

Депутат Атазов «чет элдик агент» мыйзамына демилгечи болуудан баш тартты

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 398 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечиси болуудан баш тартты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев, Эмил Токтошев, Бактыбек Чойбеков «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордон кол тамгасын чакыртып алышкан.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, бирок колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Бизнес коомчулук ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдарга тынчсызданышат

Copyright © 2017 Maral FM