Биз менен байланышыңыз

Бизнес коомчулук ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдарга тынчсызданышат

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 322 | 0

JIA бизнес-ассоциациясы жана башка бизнес коомчулук «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдиришти.

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулунун кайрылуусунда, жарандык коомдун жана бүтүндөй өлкөнүн турмушунда бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң экени белгиленет.

Коммерциялык эмес уюмдар өз багыттары боюнча объективдүү баа берген көз карандысыз байкоочулар, ошондой эле коомдук пайдага жетүү үчүн калкты, жаштарды, аялдарды, бизнести жана башкаларды социалдык, укуктук, руханий жактан тарбиялоо менен алектенген мекеме болуп саналат.

Мындай пикирди бизнес коомчулук, журналисттер жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары колдошот.

«Конституциянын саясий негизи эгемендүүлүк, көз карандысыздык жана демократия сыяктуу принциптерди камтыйт. Бирок бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлору жарандык коомдун ишмердүүлүк чөйрөсүн, сөз эркиндигин тандоодо бир катар укуктарын чектеши мүмкүн. Ошондой эле жогоруда аталган мыйзам долбоорлору кабыл алынгандан кийин алар бейөкмөт уюмдардын жана ЖМКлардын эффективдүү иштөөсүнө, өлкөнүн өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошуусуна олуттуу чектөө коюшу мүмкүн», — деп айтылат кайрылууда.

Бизнес өкүлдөрү өкмөттү бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоорлоруна карата жарандык коомдун пикирин эске алууга чакырат.

Өткөн жумада Кыргызстандагы медиа коомчулук жана жарандык коомдун өкүлдөрү президентке кайрылып, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуудан баш тартууну сунуштаган.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, бирок колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген. Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Бир топ юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун Президенттин администрациясы сунуштаган.

ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдарды артка чакыруу сунушталды

Copyright © 2017 Maral FM