Биз менен байланышыңыз

ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдарды артка чакыруу сунушталды

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 246 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандагы медиа коомчулук жана жарандык коомдун өкүлдөрү президентке кайрылып, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуудан баш тартууну өзүнүн администрациясына тапшыруу сунушталды.

Кайрылууда аталган мыйзам долбоору Конституцияда, адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн адам укуктарынын стандарттарына каршы келери белгиленген.

Ошондой эле «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүнө саботаж жасагандардын жоопкерчилигин кароону суранышат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана башка демилгечилерден «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу сунушталды.

Буга аталган долбоор Конституция жана Кыргызстан катышуучу болуп саналган адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин дал келбестиги көрсөтүлүүдө.

Медиа коомчулук менен жарандык коомдун өкүлдөрү депутаттарга да кайрылып, эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсе, парламенттик угууларды уюштуруп, «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү кабыл алууга каршы туруу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбооруна да каршы добуш берүү сунушталды.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, бирок колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген. Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Айрым юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары — Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков, Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартышты.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун Президенттин администрациясы сунуштаган жана быйыл 17-майда коомдук талкууга койду. Ага карата коомдук пикирди билдирүүнүн акыркы мөөнөтү 14-июнга чейин белгиленген.

Көз карандысыз медиалардын өкүлдөрү Президенттин администрациясы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай туруп коомдук талкууга чыгарганын сындашкан. Мыйзам долбоорунун бешинчи варианты 56 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин жарандык коомго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу жаңы демилгелерине тынчсыздануусун билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM