Биз менен байланышыңыз

Майрам күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 311 | 0

Жаңы жылдык майрам күндөрү «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Бул күндөрү ишкананын жетекчилигинин, борбордук аппараттын, бардык филиалдардын жетекчилеринин, ошондой эле жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулат.

«Өзгөчө кырдаалдар жаралса, аларды тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Бардык оңдоо бригадалары керектүү запастык тетиктер менен камсыздалган. Энергетикалык объектилерди коргоо чаралары күчөтүлгөн. Колл-борбор күнү-түнү 1209 номери боюнча иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM