Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад боюнча үн катты

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 2045 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад маселеси боюнча пикири анын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Атамбаев чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты талап кыларын белгилеп, бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөөрүн Баткен окуялары ачык көрсөткөнүн айтты.

«Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка» , — деди Атамбаев.

«Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек аранын 15% такталып бүтө электигин, президент Жапаровдун бул жерлердин делимитациясын тезирээк бүтүргөнгө умтулганын мен толук түшүнөм.

Убагында Өзбекстан менен 1378 чакырымдын 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85%ын макулдашканбыз, бирок мунун баары ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо ЖКнын тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек» , — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев мындан тышкары, кайчы пикир үчүн куугунтукту токтотууга чакырып, укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу — уят иш экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө элдин ынтымагы үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу эң туура болмок. Эл шашпай дагы бир жолу баарын салмактап, тийиштүү документтерди карап, эксперттерди угуп, өз баасын берсин. Президент Мирзиеев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элибиздин чыныгы досу.

Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө — ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек» , -деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Атамбаев: Кытайлар кеңсе салып беребиз дешкен, мен Бишкектин жолун оңдоону сурангам

 

Copyright © 2017 Maral FM