Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Кытайлар кеңсе салып беребиз дешкен, мен Бишкектин жолун оңдоону сурангам

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 668 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата соттук отурум уланды.

Атамбаев журналисттерге кытайлардын бекер кеңсе салып берүү сунушунан баш тартканын, анын ордуна Бишкектин жолдорун оңдоп берүүнү суранганын айтты. Ал буларды ишке ашыруу үчүн Си Цзиньпинден грант сураганын белгилеп өттү.

«Менимче, бул нерселер менен күрөшүү керек. Бишкекте эмне көп, чиновниктердин иш бөлмөсү жана портфели бар чиновник көп. Башка жумуштарды кылуу керек. Анын чөйрөсү ага эмне дейт, билбейм. Эң негизгиси, анын чөйрөсү аягында менин чөйрөмдөй болбосун», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM