Биз менен байланышыңыз

Быйыл мугалим болгусу келгендер 22 пайызга өстү

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 275 | 0

Кыргызстандын мектептеринде 839 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 18-октябрда өткөн маалымат жыйынында кабарлады.

Бишкекте 235, Жалал-Абадда 69, Чүйдө 253, Ысык-Көлдө 41, Таласта 30, Нарында 10, Баткенде 113, Ош шаарында 23 жана Ош облусунда 75 мугалим жетишпейт.

Бишкекте информатика мугалимдери, аймактарда математик, физик, химик, айрым аймактарда башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз.

Ошол эле учурда быйыл 5 миң 138 абитуриент педагогикалык багыттарга тапшырды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22%га көп.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча педагогикалык багытка тапшыргандардын эң жогорку баллы 219 балл, орточо баллы 180 болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM