Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сөз эркиндигин коргоого багытталган жүрүш өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 378 | 0

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндигин коргоо, көз карандысыз медиаларга кысымды токтотууну талап кылган жөө жүрүш өттү. Катышуучулар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин басышты.

Кечээ, 13-октябрда «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылган митинг өткөн. Алар «Азаттык медианын» кеңсесинин алдына топтолушкан.

12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жогоруда айтылган басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардан кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Нарматова өзү айтылгандарды четке каккан.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстандагы эркин медиалардын иштешине тоскоолдук болбошу керектигин айтып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM