Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Эрдоган менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 408 | 0

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө көңүл бурушту.

Садыр Жапаров IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Президенттер ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты чыңдоо, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго, кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Садыр Жапаров Түркияга 28-сентябрда барды жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Copyright © 2017 Maral FM