Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 13 Сен 2022 | 759 | 0

Башкы прокуратура тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иштери козголду.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон.

Алдын ала эсептөөгө ылайык, аталган акционердик коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.

Эске салсак, быйыл 24-августта «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM