Биз менен байланышыңыз

Ашималиева: Пенсияларга орточо эсеп менен 2 миң сомдун тегерегинде кошулат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2022 | 9101 | 0

Социалдык фонддун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пенсиянын өлчөмү жыл сайын индексацияланып келет. Буга чейин 200 сомдон 500 сомго жогорулатылып келсе, быйыл 1-октябрдан тарта базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сом болуп белгиленип, ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15%га жогорулап жатат. Бул тууралуу Социалдык фондунун башкармалыгынын мүчөсү, пенсияларды дайындоо жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысы Бактыгуль Ашималиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пенсияларга орточо эсеп менен 2000 сомдун тегерегинде акча кошулат. Бул мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу мызамы менен чегерилген пенсиялар үчүн гана.

Буга чейин пенсиянын орточо өлчөмү 6186 сомду түзүп келсе, пенсия жогорулагандан кийин орточо пенсия 8080 сомду түзөт. Бул башындагы пенсияга салыштармалуу 133%га жогорулап жатат.

Өлкө боюнча 735 миң 700 пенсионер болсо, Социалдык фонд тарабынан учурда алардын пенсиясын кайрадан эсептөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 3400 сомго чейин көтөрүлөт

Copyright © 2017 Maral FM