Биз менен байланышыңыз

Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 3400 сомго чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 2797 | 0

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсияны жогорулатуу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

Ал өз кайрылуусунда буга чейин пенсия өлчөмү орточо эсеп менен 200-300 сомго көтөрүлүп келсе, эми өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алгандыгын айткан.

«Менин тапшырмам менен өлкөнүн Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алды. Пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 млрд сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлөбүз. Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес», — деди ал.

Президент билдиргендей, бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар.

Copyright © 2017 Maral FM