Биз менен байланышыңыз

6-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Сен 2022 | 591 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +30…+35,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +34…+36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM