Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Япониянын өкүлдөрүнүн катышуусунда IT форум өтөт

Кыска кабар | 5 Сен 2022 | 251 | 0

9-сентябрда Кыргызстан менен Япониянын өкүлдөрүнүн катышуусунда экинчи эл аралык IT форум өтөт. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынан кабарлашты.

Биринчи форум быйыл жайдын башында Токиодо өткөн.

Форумда Япониянын Өнөр жай технологияларынын жогорку институтунун мыкты адистери санариптик трансформация доорундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришет.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Япониянын биргелешкен долбоорлорунун жыйынтыктары, киберкоопсуздук тобокелдиктерин башкаруу тууралуу айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM