Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчи кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 412 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кыргыз диаспора уюмдары жана бирикмелеринин бардык регион жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, миграциялык каттоо, медициналык камсыздандыруу, мыйзамдуу ишке орноштуруу, каза болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү маселелери талкууланды.

Элчи инвестиция тартуу, өлкө экономикасынын ар кыл тармактарын чыңдоо жана түрдүү тармактарда диаспораны колдоо боюнча элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Элчилик кыргызстандыктардын укуктук сабаттуулугун жана аң-сезимин жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Бул сунуш катышуучулар тарабынан колдоого алынып, аракеттерди биргелешип жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушууга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери, ошондой эле Орусиянын Мигранттар федерациясынын жетекчиси В.Коженов да катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM