Биз менен байланышыңыз

Беш жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусиядан табылды

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 1468 | 0

Беш жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен обулусунун Лейлек районунун 1978-жылы туулган тургуну Орусиядан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жарандын үстүнөн 2016-жылы Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси жана 200-беренеси менен кылмыш иши козголуп, мамлекетке 117 миң 500 сомдук зыян келтиргендиги аныкталган.

Ал кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткендигине байланыштуу, 2018-жылы издөө жарыяланган.

Лейлек милициясы тарабынан кылмышка шектүү М.Жнын Орусияда жүргөн жери аныкталып, кечээ, 18-августта алып келинген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM