Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында көрнөк-жарнактар тартипке келтирилүүдө

Кыска кабар | 24 Июл 2022 | 157 | 0

Ош шаарында жарнактарды бир тартипке келтирүү боюнча текшерүү учурунда 25ке жакын объекти ээлерине эскертүү берилди. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, соода объектилериндеги бардык көрнөк-жарнактарды талапка ылайык келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү.

200дөн ашык коммерциялык объекти текшерилип, соода жайларынын жана имараттарынын фасадындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына көңүл бурулду.

Жыйынтыгында 25тен ашык ишкерге тиешелүү эскертүүлөр берилди. Тротуарларга орнотулган 20дан ашык жарнак тактайлары алынды.

Мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат.

Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM