Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда эфир майын чыгара турган ишкана ачылды

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 1261 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районунда эфир майын чыгара турган «Дордой-дары» ишканасы ачылды. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, «Дордой-дары» ЖЧКсы 2002-жылы уюштурулуп, дары чөптөрдү чогултуу, аны кайра иштетүү менен алектенип келген.

Учурда ишкана Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун, ушул эле агенттиктин «Аз камсыз үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу» долбоорунун жана Бириккен улуттар уюмунун «Азык-түлүк программасынын» материалдык, техникалык колдоосу менен кеңейтилип, май чыгаруучу жабдуулар, ар тараптуу окутуулар менен камсыз болгон.

Учурда цехте  35 адам иш менен камсыз болуп, көкө мерен, жалбыз жана ромашка гүлүнөн эфир майы алына баштады. Долбоорго  Ат-Башы, Нарын райондорунан 800, Ак-Талаа районунан 200 аз-камсыз үй-бүлөлөр тартылып, кыз –келиндер үчүн окуулар өткөрүлгөн.

Быйыл  700 үй –бүлөгө дары чөптөрдүн  уруктары берилип, жети гектар жерге эгилген.  Эми ал дары чөптөрдү терип кайра «Дордой-дары» ишканасына өткөрүп турушат.

Эфир майы медицинада, косметологияга колдонууда баалуу каражат болгондуктан, Япониядан башка дагы кызыккан мамлекеттер бар экени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM