Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Ооганстан тынчтык жолуна түшүүсү үчүн күч-аракетти бириктирүү керек

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 476 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Жапаров мамлекеттердин алдында турган тарыхый миссия – коопсуздукту сактоо, өлкөлөрүдүн жана элдин өнүгүүсүн камсыз кылуу экенин айтты. Бирок Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери коопсуздуктун салттуу чакырыктарына жана коркунучтарына туш болгонун, алардын жаңы гибриддик формалары пайда болгонун билдирди.

«Ушуга байланыштуу мен Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип жаткан абдан маанилүү маселеге токтолоюн. Мен Ооганстандагы кырдаалды айтып жатам. Тилекке каршы, ал жерде кырдаал татаал жана божомол кыла албай тургандай калууда. Биздин оюбузча, бийликке талибдердин жана ал түзгөн өкмөттүн келиши катаал чындык жана биз бул багытта биргелешкен жүрүм-турум линиясын иштеп чыгышыбыз керек. Анын ичинде кошуна Ооганстандын тынчтык жолуна түшүүсү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек».

Садыр Жапаров Кыргызстан бул багытта эки тараптуу негизде да, эл аралык жана аймактык диалог аянтчаларына катышуунун алкагында да Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга умтуларын айтты.

Ошондой эле Кыргызстандын бийлиги Ооганстандын өкмөтү менен байланышта экенин, ал жерде элчилик да бар экенин кошумчалады.

-Өткөн жылы биз Кабулга жана Афганстандын Бадахшанына гуманитардык жүк жеткирдик. Биз Афганстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдүк, анын жүрүшүндө аймактык коопсуздуктун жана кызматташтыктын бир катар маселелери боюнча тынчсыздануубузду, ошондой эле Афганстан элинин кызыкчылыгында инклюзивдик өкмөт түзүүнүн маанилүүлүгүн билдирдик.

Президенттин айтымында, Кыргызстан коңшулардын конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча аракеттерин толук колдойт.

Социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине жол бербөө үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырат.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүп жатат.

Рахмон Ооганстандагы кырдаалга дайыма көңүл бурууга чакырды

Copyright © 2017 Maral FM