Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров коррупция менен күрөшүүдөн майнап чыкпай жатканын моюндады

Кыска кабар | 19 Июл 2022 | 828 | 1

Бүгүн, 19-июлда Өкмөт үйүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жана башка мамлекеттик жетекчилер катышты.

Жыйында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен жылыш жок экенин моюнга алды.

Ал майда жергиликтүү кызматкерлер бюрократияны күчөтүп, күнүмдүк акча табуу менен алек экенин, ал эми «чоңдор» кызматтарын кыянаттык менен пайдаланып жатканын билдирди.

«Коррупция өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 639 кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып. Мамлекеттик кызматкерлер тарабынан күнүнө алты-жети кылмыш болот экен. Коррупция менен күрөшүүдө ар кандай себептер менен жакшы жыйынтыктарды чыгара албай жатабыз. Натыйжада Кыргызстанда коррупция турмуштун көптөгөн тармагында сакталып кала берүүдө. Элдин нааразылыгы адилеттүү, туура. Алар аны күнүгө жон териси менен сезип жатат. Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстан жемкорлук менен күрөшүүдө 124-орунда болсо, азыр 148-орунда» , — деди Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасыз болуп жатышы — айлык акынын аздыгынан болушу мүмкүн. Ошол себептен август айынан тарта бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлө турган болду.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаров эки жылдан бери коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып келерин, жакынкы аралыкта мурда коррупцияга шектелген адамдарга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынарын да кошумчалады.

1 пикир

1 пикир

  1. каденов

    19.07.2022 17:16

    эч кандай жылыш жок, ПЦР — башка олколордо жокко чыгарылды. Ал эми биздин олкодо ачык эле соодалашып, жер-жерлерде сатылып жатат. блогер Улукбек жакшы аракет кылган бирок, биздин чиновниктер кочугуно кысып коюшпайт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM